Сириянын түндүгүн террордон тазалоо кыймылы уланууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына карай уланып жаткан «Евфрат калканы» кыймылында террор уюму ДЕАШка мүчө 23 террорист жок кылынды.

655895
Сириянын түндүгүн террордон тазалоо кыймылы уланууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү террор буталарына карай уланып жаткан «Евфрат калканы» кыймылынын 150-күнүндө террор уюму ДЕАШка мүчө 23 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясына караганда ДЕАШ баш болгон террордук уюмдар түзгөн коркунучту жок кылып, чек ара коопсуздугун арттыруу жана коалициялык күчтөргө колдоо көрсөтүш үчүн 24-августта башталган кыймылдын 150-күнүндө оппозициядагы элементтерден турган атайын күч топтору тарабынан кургактыктан жана абадан ок жаадыруунун коштоосунда Суфланиях отурукташкан мааласында көзөмөл камсыздалды.

Бутаны белгилөөчү аппараттар менен белгиленген террор уюму ДЕАШка таандык 205 бута атылды.

ДЕАШтын мүчөлөрү тарабынан колдонулган баш калкалоочу жерлери, коргонуучу жайлары, командирлик башкаруучу комплекстери, курал жана унаалары талкаланды.

Аба күчтөрү командирлиги тарабынан Эл Баб, Бзагах, Каббасиндин түштүгү жана Суфланиях аймактарында белгиленген террор уюму ДЕАШка таандык 19 бутага абадан чабуул коюлуп, баш калкалоочу жай катары колдонулган 13 имарат жана бир унаа жок кылынды.

Коалициялык аба күчтөрү тарабынан уюштурулган 4 абадан чабуулунда да оппозициядагы элементтерге колдоо көрсөткөн Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Тадиф жана Бзагахта белгилеген ДЕАШ буталары, координация камсыздалып атылды.

Оппозициячылдарга колдоо көрсөткөн жарылуучу затты белгилөө жана зыянсыздаштыруучу бригадалар тарабынан да 49 колго жасалган жарылуучу зат зыянсыздаштырылды.

Кыймылдын башынан бери 3014 колго жасалган жарылуучу зат жана 43 мина зыянсыздаштырылды.



Тектеш кабарлар