Террордук уюмдардын жалгыз миссиясы бар

Террордук уюмдардын бардыгы тең бир эле сценарийдин оюнчулары

653418
Террордук уюмдардын жалгыз миссиясы бар

Президент Режеп Тайип Эрдоган ысымдары, аталыштары башкача болсо да бардык террордук уюмдардын бир эле сценарийдин оюнчулары экенин айтты.

Эрдоган Президенттик комплексте Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги тарабынан курулушу аяктаган Социалдык коопсуздук мекемесинин кызматтык имаратынын ачылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө, 2013-жылдан бери удаама-удаа болуп жаткан окуяладын Түркиянын жаңы эркиндик күрөшүүсүн жүргүзүп жатканын көрсөткөнүн белгиледи.

Эрдоган: «Бул ирет биздин сүйлөшүүчүбүз өз ысымдары жана аскерлери менен алдыбызга чыккан душмандар эмес, алар же аларды колдонгон кычкачтар болгон террордук уюмдар. Ысымдарынын, аталыштарынын башкча болгонуна карабагыла ПКК, ДЕАШ, ФЕТӨ, ЙПГ, DHKP-C жана беркилеринин бардыгы тең бир эле сценарийдин оюнчулары»,- деп айтты.

Бардык террордук уюмдардын жалгыз миссиясы болгонун айткан президент Эрдоган: «Бул болсо улуттук биримдигибизди, өлкөбүздүн бүтүндүгүн коркунучка салуу менен Түркиянын алдын тороо, бутун чынжырлоо, 2023-жылга карата максаттарын саботаж кылуу. Кыла алышпайт. Биз көрө албайбыз бирок неберелерибиз көрөт. Буюрса 2053-жылга карата максаттарды да бул улуттун балдары ишке ашырат, 2071-жылдыкын да»,- деди.



Тектеш кабарлар