Чет элдиктерге турак жай сатуу

Өткөн жылы Түркияда 21 миң чет элдик турак жай ээси болгон

652309
Чет элдиктерге турак жай сатуу

Түркия географиялык жана климаттык шарттары менен 2016 -  жылы да чет элдик инвесторлордун кызыгуусун тартты. Өткөн жылы Түркияда 21 миң чет элдик турак жай ээси болгон.

Эң аз 1 миллион долларлык кыймылсыз мүлк «3 жыл сатылбашы»  шарты менен сатып алгандыгы тийиштүү мекемелер тарабынан аныкталгандан кийин чет элдиктерге түрк жарандыгынын берилишине байланыштуу чечимдин өткөн жумада Расмий гезитте жарыяланышынан кийин бардык көңүлдөр бул инвесторлорго бурулду.

Экологиялык жана шаарчылык министрлигинин жер каттоо жана кадастр директорлугунан алынган маалыматка караганда өзгөчө булуң өлкөлөрү менен Англиядагы инвесторлор тандаган Түркияда акыркы 10 жылда 8 миң 796 участок жана 102 миң 745 турак жай, 121 миң 524 чет элдикке сатылды.

Мүлк ээси болуу тууралуу Түркияны тандагандардын башында кезеги менен Ирак, Сауд Аравия, Кувейт, Афганстан менен Англиянын жарандары келүүдө.

Афгандар Стамбулду, кувейттиктер Бурсаны тандаса, ирактыктар Ялова менен Антальяны тандашкан. Орустар кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн Антальяны, кувейттиктер Бурсаны, англистер болсо Мугла менен Айдынды тандашты.



Тектеш кабарлар