Наби Авжы туризм тууралуу маалымат берди

Түркия туризмде дүйнөдө алтынчы орунда, Европада төртүнчү орунда турат

650269
Наби Авжы туризм тууралуу маалымат берди

 

Маданият жана туризм министри Наби Авжы борбор шаар Анкарада болгон  9 -  элчилер конференциясында сүйлөгөн сөзүндө  Түркиянын таанытылышында кошкон салымдарынан улам элчилерге рахмат айтты. Авжы Түркиянын туризмде Орусия, Англия жана Германия базарлары менен  өзүн чектебеши керектигин, ар башка базарларга багыт алышы керектигин айтты.

Авжы базарлардын арасында Англия, Орусия менен бирге Япония, Индия, Түндүк Европа, Латын Америка менен араб өлкөлөрүн да кошууга аракет кылышарын айтты. Түркиянын өзгөчө туризм өлкөсү экендигин баса белгилеген министр Авжы : «Туризмде дүйнөдө алтынчы, Европада төртүнчү орунда турабыз.  Биринчи үчкө кирбеш үчүн эч кандай себеп жок. Бардык шарттарыбыз буга ылайык. Атаандаштарыбызга караганда  абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрүбүздүн  бар экендигин биз да, алар да билишет»,- деди.

Туризмде  бул жыл үчүн күтүүлөрүнүн жакшы экендигин  айткан Авжы мунун себептеринин бирөөсү катары 2016 -  жылы Түркияга келбегендердин бир бөлүгүнүн башка жерлерге да барбагандыгы айтты. Башка себебинин да Түркияга карата иштери тууралуу билинген немис жана англис тур операторлорунун жүргүзгөн иликтөөлөрү экендигин белгилеген Авжы операторлордун өздөрүнө  2016 -  жылы Түркияга келбестен Греция, Испания жана Италияга баргандарды салыштыруу менен продукция жана  тейлөө жактан Түркиянын жогорулугун көргөндүгүн, мунун да Түркиянын пайдасына айланган бир фактор экендигин айткандыгын билдирди.

Министр Авжы тоо туризми, саламаттык туризми, диний мурас тармактары жана гастрономия потенциалын таанытуу менен бирге бай түрк маданиятынын дагы да таасирдүү түрдө таанытылышы керектигин белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар