Түркия - Орусия ок атууларды токтотуу планы

Пландын Башар Асад режими жана режим жактоочусу чет элдик террордук топтордун оппозициячылдар менен кагылышкан бардык аймактарда ишке ашырылышы максат кылынууда

639341
Түркия - Орусия ок атууларды токтотуу планы

Түркия менен Орусия Сирияда ок атууларды токтотууну баштоо максатында сунуш кыла турган бир план боюнча макулдашты. Анадолу агенттигинин булактарынан алынган маалыматка караганда Түркия менен Орусия Халеп шаарынын борборунун чыгышында жарыяланган ок атууларды токтотуу жана жергиликтүү калктын эвакуацияланышынан кийин ок атууларды токтотуунун жалпы өлкөдө жайылтылышы үчүн тараптарга сунуш кыла турган бир план боюнча макулдашты.

Пландын Башар Асад режими жана режим жактоочусу чет элдик террордук топтордун оппозициячылдар менен кагылышкан бардык аймактарда ишке ашырылышы максат кылынууда.

Анкара менен Москва макулдашуунун алкагында ок атууларды токтотуунун кагылышкан тараптардын арасында бүгүн түн жарымында  ишке кириши үчүн аракет кылат.

Ок атууларды токтотуу ийгиликтүү боло турган болсо режим жана оппозициячылдар Түркия менен Орусиянын жол башчылыгында Астанада саясий сүйлөшүүлөрдү баштайт. Эки өлкө процесстин гарантерлугун аткарып, сүйлөшүү процессине БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 – чечиминде күтүлгөн саясий өткөөл процесстин алкагында салым кошууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар