Эрдогандын эң тыкыс өткөн бир жылы

Эрдоган 2016-жылы 20 өлкөгө 22 сапар жасады жана 37 мамлекет башчысы менен жолугушуу өткөрдү.

638478
Эрдогандын эң тыкыс өткөн бир жылы

2016-жыл өлкө ичинде да өлкө тышында да президент Режеп Таййип Эрдоган үчүн абдан тыкыс программалуу жыл болду.

Эрдоган 2016-жылы 20 өлкөгө 22 сапар жасады жана 37 мамлекет башчысы менен жолугушуу өткөрдү.

Өлкө ичинде болсо 24 областка 31 жолу барды.

Президент Эрдоган: «Чуркаган, тердеген, иштеген жана иштеткен президент боло турганымды ар бир мүмкүнчүлүктө айтып, улутума убада бергем»,-деген.

Президент Эрдоган быйыл да чуркады жана иштетти б.а. өзү айткандай 2016-жылы тердеди.

Президент Эрдоган өлкө ичинде да өлкө тышында дагы жолугушуулары менен тыгыз өткөн жылды артка калтырууга даярданууда.

АКШ Эрдогандын бирден көп барган өлкөлөрүнөн бири болду. Президент Эрдоган бул өлкөгө 3 жолу сапар жасады. Апрель айындагы алгачкы сапарында Атомдук коопсуздук саммитине катышты жана Мэрилендде комплекстин ачылышын жасады. Президент үстүбүздөгү жылда АКШга экинчи жасаган сапарында атактуу мушкер Мухаммед Алинин жаназа зыйнатына катышуу үчүн барды.

Эрдогандын АКШга акыркы сапары сентябрь айында болду жана БУУнун башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышты.

Президент Эрдогандын Орусияга сапары 2016-жылга ташка тамга баскандай эстеликти калтырды. Президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин август айында Санкт-Петербугда жолукту.

2015-жылдын 24-ноябрында Сирия чек арасында Түркиянын аба мейкиндигин бузган Су-24 үлгүсүндөгү Орусиянын согуштук учагынын Түркиянын F-16лары тарабынан атып түшүрүлүшүнөн кийин башка нукта бараткан түрк-орус карым-катнаштары бул сапардан кийин нормалдашуу жолуна түштү.

Сентябрь айында дүйнө жүзү Кытайга көз чаптырып жатты.

Дүйнөнүн эң чоң экономикасына ээ болгон өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларын жолугуштурган Чоң жыйырмалык (G20) саммити бул өлкөнүн кожоюндугунда аткарылды.

Президент Эрдоган Түркиянын атынан ал жерге барды жана бири-биринен маанилүү жолугушууларды өткөрдү.

Эрдоган Латын Америкасынын 3 өлкөсүн камтыган сапарында Чили, Перу жана Экваторго барды.

Президент Африка материгинде да бир канча өлкөгө расмий сапар жасады. Бул өлкөлөр Батыш Африкада Кот-д'Ивуар, Нигерия, Гана жана Гвинея, Чыгыш Африкада болсо Уганда, Кения жана Сомали болду.

Президент Измирден Трабзонго, Кайсериден Ризеге чейин Чыгыш –Батыш, Түндүк-Түштүк дебестен бир канча жолу эл менен жолугушуу өткөрдү.

Президент май айында Диярбакырда эле.

Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин «Биримдик, ынтымак жана туугандык митинги» үчүн барган Газиантеп, быйыл эң көп эсте калган сапарлардан бири болду.



Тектеш кабарлар