ДЕАШ жарандарды өлтүрүүдө
Болгон кагылышууларда 2 оппозициячыл да жараланды
Сириянын түндүгүндөгү Ел Бабдан качууга аракет кылган эң аз 30 жаран террордук уюм ДЕАШтын кол салууларында каза болду. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан берилген маалыматка караганда Ел Бабдан качууга аракет кылган жарандар кечээ ДЕАШтын мина жана гранаталар менен жасалган кол салууда каза болду.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан берилген маалыматтарга караганда Ел Бабдан качууга аракет кылган жарандар кечээ ДЕАШтын мина жана гранаталар менен жасалган кол салуусунда каза болду. Бир тараптан Түркиянын жол башчылыгында 24 - августта башталган Евфрат калканы кыймылынын негизинде ДЕАШка таандык 113 бутага ок атылды.
Террористтер колдонгон баш калкалоочу жерлер, коргонуу буктурмалары, көзөмөлдөө жерлери, куралдар менен унаалар колдонулбай турган абалга келди. ДЕАШтан тазаланган аймактарда 74 гараната жардырылды. Болгон кагылышууларда 2 оппозициячыл да жараланды.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.