Евфрат калканы операциясы
3 ок – дары сактоочу жер жана бир логистикалык борбору жардырылды
![Евфрат калканы операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f2d8/f627/2838/585b5d6c2d6b0.jpg?time=1719048515)
Сириянын түндүгүн террордон тазалоо үчүн Түркиянын жол бшачылыгында 24 -августта башталган Евфрат калканы кыймылынын негизинде 24 террорист өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматка караганда кыймылдын 122 -күнүндө оппозициячылдар тарабынан курчоого алынган Ел Бабдын террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн башталган кыймылга абадан жана кургактыктан жардам берүү улантылууда. Кыймылда ДЕАШтын мүчөсү 2 террорист өлтүрүлдү.
Түрк аскердик учактар тарабынан да Ел Баб аймагында аныкталган ДЕАШ террордук уюмуна таандык жалпы 51 бута аткыланып, 22 террорист өлтүрүлдү. ДЕАШ баш калкалоо, курал жана коргонуу максатында колдонгон 37 имарат, 3 ок – дары сактоочу жер жана бир логистикалык борбору жардырылды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719048516)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.