Президент Эрдоган Меркелге көңүл айтты

Эрдоган Меркелге Халептеги эвакуация жана гуманитардык жардамдар тууралуу да маалымат берди

634744
Президент Эрдоган Меркелге көңүл айтты
berlin tır.jpg

 Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркелге Берлиндеги кол салуулардан улам көңүл айтты.

Президенттиктин булкактарынан алынган маалыматтарга караганда Президент Эрдоган өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Берлиндеги кол салуудан улам канцлер Меркелге жана бардык немис калкына көңүл айтты.

Президент Эрдогандын сүйлөшүүдө Халептеги эвакуация процесси жана гуманиатрдык жардамдар тууралуу да канцлер Меркелге маалымат бергендиги белгиленди. Ошол эле учурда Берлинде рождество базарына жасалган жана 12 кишинин каза болушуна себеп болгон кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

Кылмышкер катары камоого алынган Пакистан тектүү бир киши далилдердин жетерсиздигинен эркин койо берилди. Фурада өлүү табылган жана унаанын айдоочусу экендиги болжолдолгон кишинин да Польша жараны экендиги билдирилди.

Кол салуу тууралуу териштирүү улантылып, жетекчилер элди жаңы бир кол салуу ыктымалына карата эскертишти. Бир тараптан Кёлндеги борбордук поезд станциясы бомба жайгаштырылган деген кабар менен бошотулду.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында  кабардын негизсиз экендиги белгилүү болду. Бомба кабары Кёлн шаардык трамвай каттамдарын да токтотту.



Тектеш кабарлар