CIA Түркиядан кечирим сурады
CIAдин Түркиядан кечирим суроо билдирүүсү.
АКШ жаңылыш координат боюнча Түркиядан кечирим сурады.
АКШнын мамкатчысы Жон Керри жана чалгындоо уюму CIA, мындан мурдагы жарыясында «ДЕАШ менен мунай зат соодасы» айтымдарынын негизсиз болуп чыкканы боюнча Түркиядан кечирим сурады.
Керри 2014-жылы тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна Түркиянын террор уюму ДЕАШтан мунай зат алганы жөнүндө кабыл алынгыс айтымдарды алдыга койгон.
Чавушоглу да бул айтымдарга катуу каршылык көрсөтүп муну далилдей турган документ талап кылып: «Сизге жалган маалымат бергендерди билебиз; Египет менен карым-катнаштарыбыздын себебинен бизге каршы чыккан айрым араб өлкөлөрү...Бул абдан олуттуу жалаа... Мага мунун документтерин бергиле», деген сөздөрдү айткан.
Керри менен андан кийинки бир канча жыйналышта да айтымдардын документин талап кылган Чавушоглуна көп өтпөй эле бир дело сунулган.
Дело түрк чалгындоо бөлүктөрү тарабынан иликтенгенде, контрабандага таандык болгону айтылган коордианттардын Килис мэриясынын асфальт курулушу болуп жаткан жерди көрсөткөнү белгилүү болгон.
Тышкы иштер министрлиги бул себептерди АКШга билдиргенден кийин, Жон Керри оозеки, CIA болсо жазуу түрүндө Түркиядан кечирим сурады.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.