Эрдоган Гуттереш менен Халеп тууралуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Гутерришке телефон чалып Сириянын Халеп шаары үчүн аракетке өтүшүнүн маанисине токтолду

630068
Эрдоган Гуттереш менен Халеп тууралуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган БУУнун жаңы баш катчысы Антонио Гутерришке телефон чалып Сириянын Халеп шаары үчүн аракетке өтүшүнүн маанисине токтолду.

Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда Эрдоган Гуттеришти БУУнун баш катчылык кызматын ант берүү менен баштоосунан улам куттуктады.

Гуттериш менен Халептеги адамзаттык  трагедия тууралуу сүйлөшкөн президент Эрдоган Дамаск режиминин жана колдоочуларынын Халепте кылгандарынын бүткүл дүйнөнү коркунучка салгандыгына көңүлдөрдү буруп, шаардагы абалдын жумшатылышы керектигин баса белгиледи.Эрдоган Түркиянын бул үчүн аракет кылгандыгын эске салып, ушул алкакта ок атууларды токтотуу боюнча макулдашуунун түзүлгөндүгүн эске салды.

Президент Эрдоган жарандар менен оппозициячылдардын аймактан чыгарылышына байланыштуу аракеттердин күчтөндүрүлгөндүгүн, андан кийин аймакка гуманитардык жардамдардын жеткирилишине  көңүл бурарын баса белгиледи.

Халепте болгондорго каршы БУУнун кыймылга өтүүсүнүн маанисине токтолгон Президент Эрдоган тема тууралуу БУУнун Жалпы Кеңешинин кезектеги чогулушун күтүшкөндөрүн белгиледи.

Гутерреш болсо Сирия жана Ирактан келген качкындар тууралуу жасагандары бүткүл дүйнөдөн колдоо алган Түркиянын Халеп маселесиндеги сезимталдуулугуна кошулгандыгын айтып, эл аралык коомдун бул трагедияга жөн гана карап турбашы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар