Чавушоглунун ФЕТӨ жөнүндөгү билдирүүсү
Фетуллахчы террор уюму менен байланышы болгон канча мекеме жабылды же өткөрүп берилди?
![Чавушоглунун ФЕТӨ жөнүндөгү билдирүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e2e1/e1c9/db1f/58513d0b238bc.jpg?time=1719121146)
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу 12 өлкөдө Фетуллахчы террор уюму менен байланышы болгон 79 мекеменин жабылгандыгын же өткөрүлүп берилгендигин айтты.
Чавушоглу Улуттук билим берүү министрлигинин чет өлкөдөгү эл аралык билим берүү жетекчилеринин жыйынынын жабылыш аземиндеги сөз сүйлөөсүндө, ФЕТӨгө каршы күрөшүүдө Улуттук билим берүү министрлиги жана фонду менен жакын кызматташтык ичинде экендиктерин белгиледи.
ФЕТӨнүн эмне экендигин жана Түркияда эмне кылгандыгын кесиптештерине түшүндүргөндөрүн, бул аракеттеринин натыйжа бере баштаганын белгилеген Чавушоглу: «Өтө маанилүү уюмдар ФЕТӨнү террордук уюм деп жарыялай баштады. Алгач Риядда Булуң кызматташтык кеңешинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында ФЕТӨнү террордук уюмдардын тизмесине киргиздирдик. Андан соң Азия Парламенттик Ассамблеясынын жыйынында да ФЕТӨ террордук уюм деп жарыяланды»,-деди.
Чавушоглу чет өлкөгө качып кеткен же чет өлкөдө жашаган ФЕТӨнүн жетекчилеринин Түркияга алып келинип жоопко тартылышы үчүн аракет кылып жаткандарын, чет өлкөдөгү ФЕТӨ менен байланышы болгон уюмдардын, коомдордун, бейөкмөт уюмдардын жана мектептердин жабылышы же өткөрүлүшү темасында да аракет кылып жаткандарын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719121146)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.