Дин иштерти башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез Пакистанда
Гөрмез Лахор шаарындагы Бадшахи мечитинде пакистандык мусулмандарга кайрылды
![Дин иштерти башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез Пакистанда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/74e6/8909/3be9/584e3a4e513c9.jpg?time=1719191333)
![diyanet işleri başkanı görmez pakistan, lahor.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b7ef/290b/1501/584e3b0a57542.jpg?time=1719191333)
![diyanet işleri başkanı görmez lahor'da.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f72/415c/e8cc/584e3af6dad48.jpg?time=1719191333)
![diyanet işleri başkanı görmez pakistan'da.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2d07/bf14/9bf6/584e3acd788d7.jpg?time=1719191333)
![diyanet işleri başkanı görmez pakistan.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e0f5/6d7f/2847/584e3abd11580.jpg?time=1719191333)
Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез Түркия жана Пакистандын бир туугандан башка эгиз бир тууган экендигин айтты. Гөрмез Лахор шаарындагы Бадшахи мечитинде өткөрүлгөн Мавлют кандили программасында сүйлөгөн сөзүндө пакистандык мусулмандарга кайрылды.
Мечитти толтурган мусулмандарды Мавлют кандили менен куттуктаган Мехмет Гөрмез сөзүндө Пакистандын улуттук акыны Мухаммед Икбалдин бир ырынан үзүндү окуду. Икбалин ырында Азырети Мухаммеддин түш ааламында өзүнө : «Мага эмне белек алып келдиң?»,- деп суралгандыгын айткан Гөрмез Икбалин «Сага Триполи жана Чанккаледе шейит болгон түрк боордошторуңдун канын алып келдим»,- дегендигин айтты.
Гөрмез Түркия менен Пакистандын боордоштон башка эгиз бир тууган экендигин белгилеп, сөзүн урду тилинде : «Көп жашасын Пакистан - Түркия бир туугандыгы»,- деп бүтүрдү. Андан кийин Ахмет Хамди Аксеки мечитинин имам Хатиби Али Телдин кырааты менен Кураан окушун пакистандыктар абдан чоң кызыгуу менен тыңдашты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719191333)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.