Түркиянын КӨКТҮРК-1 спутниги ийгиликтүү учурулду(видео)

Жогорку чечмелөөсү болгон спутник көрүнүшү менен камсыздай турган КӨКТҮРК-1 спутниги Француз Гвинеясынан учурулду.

624364
Түркиянын КӨКТҮРК-1 спутниги ийгиликтүү учурулду(видео)

Түрк куралдуу күчтөрүнүн буталарына карай чалгындоону аймактык чектөөгө карабастан дүйнөнүн бардык жеринен жогорку чечмелөөсү болгон спутник көрүнүшү менен камсыздай турган КӨКТҮРК-1 спутниги Француз Гвинеясынан учурулду.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын да катышуусунда Аба күчтөрү командирлиги жана Коргоо өнөр жайы кеңешчилигинин кожоюндугунда Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коомунун (TUSAŞ) Акынжылар комплексинде уюштурулган аземде учуруу убагы түз эфирде көрсөтүлдү.

Президент Эрдоган аземдеги сөзүндө, Түркиянын өзүнүн технологиясын өндүрүп чыгаруусун уланта турганын айтып, КӨКТҮРК-1 спутнигинин пайдалуу болушун тиледи.

КӨКТҮРК-1 спутнигиндеги жергиликтүү салым кошуунун 20 пайыздай болгонун жарыялаган Эрдоган: «Бүгүн чындап эле кубанычтамын. Мындан кыйла көп ийгиликтер, кыйла чоң долбоорлор бизди күтүүдө»,-деп айтты.

Орто эсеп менен 90 мүнөттө дүйнөнү айланып уча турган спутниктин жыл сайын 60 миң видео тартышы көздөлгөн.

Спутник, Түркиянын үстүнөн ар бир өткөн сайын жер шарынын ар башка аймактарынан тарткан фотосүрөт жана видеолорду Аба күчтөрү командирлигинин спутник жер станциясына жиберип турат.

Дүйнөдөгү окшошторуна караганда абдан жогорку чечмелөөсү менен видеолорду өткөрө турган спутник, мамлекеттик мекеме жана уюмдар үчүн экология жана курулуштардын байкалышы, айыл чарбалык түшүмдү белгилөө, мэриялык ишке ашыруулар, чек ара текшерүүсү, кадастр иш-чаралары сыяктуу бир топ тармакта алыстан кабылдоо милдеттерин аткарат.



Тектеш кабарлар