Ирандан жергиликтүү акча бирдигине колдоо

Касыми жетерлик экономикалык күчкө ээ өлкөлөр менен улуттук акча биримдиги менен соода кылууну оң кабыл алышкандарын айтты

624572
Ирандан жергиликтүү акча бирдигине колдоо

 Президент Р. Т. Эрдогандын доллардын ордуна жергиликтүү акча бирдиги менен соода кылынуусуна карата Иранга жасаган чакырыгы Тегеран башкаруусу тарабынан оң кабыл алынды.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Бехрам Касыми : «Түркиянын чакыруусу кыска мөөнөттүү болбостон узун мөөнөттүү бир план болгон болсо оң чакыруу. Түркия бул тууралуу олуттуу болгон болсо кызматташтыкты баштай алабыз»,- деди.

Касыми жетерлик экономикалык күчкө ээ өлкөлөр менен улуттук акча биримдиги менен соода кылууну оң кабыл алышкандарын айтты.

Эрдогандын Кытай жана Орусия менен боло турган соодада да жергиликтүү акчаларды колдонууга чакыргандыгын эске салган Касыми : «Мындай алкак түзүлүп өнүктүрүлө ала турган болсо бурулуш жери болот. Албетте бул оңой иш эмес, абдан жогорку эрк жана олуттуулукту керек кылат. Ишти нугуна салып жыйынтык алуу үчүн кенен масштабдуу кызматташтык керек. Баш – аламан маселе болсо да бул ойду ишке ашыра турган болсок абдан туура ой болот»,- деди.



Тектеш кабарлар