Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын Зап аймагына абадан операция жүргүздү
Операцияда баш калкалоочу жерлер менен ок – дары сакталган жерлер жардырылды
616152
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККга таандык баш калкалоочу жерлер менен ок – дары сакталган жерлер жардырылды.
Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматка караганда кечээ саат 16.57 -17. 24 арасында Зап аймагынан берилген кабар боюнча абадан операция жүргүзүлдү. Операцияда аймакта аныкталган баш калкалоочу жерлер менен ок – дары сакталган жерлерден турган 4 бута жардырылды. Милдетин ийгиликтүү аяктаган аскердик учактар базаларына кайтып келишти.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.