Эрзинжан жана Муглада жер титирөө болуп өттү
Премьер-министрликке караштуу АФАДдын Жер титирөө башчылыгынын жарыясына караганда Мугланын Датча районунда, Эрзинжандын Рехафие районунда жер титирөө катталды.
614378
Эрзинжанда 4 балл, Муглада 3,7 баллдык жер титирөө болуп өттү.
Премьер-министрликке караштуу АФАДдын Жер титирөө башчылыгынын жарыясына караганда Мугланын Датча районунда кечээ кечинде саат 18:45 чамаларында 3,7 баллдык, Эрзинжандын Рехафие районунда түнкү саат 01:52де 4 баллдык жер титирөө катталды.
Датчадгы жер силкинүүсү жердин 7,6 км, Рехафиедеги болсо 7,09 км тереңдиктен келди. Эки жер титирөө тең чөйрөдөгү облус жана райондордо да сезилди. Мал жана жан зыян тарткан жок.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.