НАТОнун курамындагы ФЕТӨчүлөр башпаанек сурап жатышат

НАТОнун баш катчысынын Түркияга келиши күтүлүүдө

613586
НАТОнун курамындагы ФЕТӨчүлөр башпаанек сурап жатышат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Түркияда 15-июль төңкөрүш аракетинин пландоочусу Фетуллахчы террор уюмунун мүчөлөрүнөн НАТОнун курамындагылардын жашаган өлкөлөрдөн башпаанек сурап жаткандарын айтты.

Жуманын аягында Түркияга келиши күтүлгөн Йенс Столтенберг Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штабында суроолорго жооп берди.

Столтенберг НАТОдо кызмат кылган айрым ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн башпаанек сурап жаткандарын белгилеп: «Бул талаптар НАТОну эмес, кайсыл жерлерде кызмат кылып жатышса ошол өлкөлөрдү кызыктырат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар