Президент Эрдоган Пакистанда

Эрдоганды Пакистандын премьер - министри Наваз Шериф тосуп алды

612117
Президент Эрдоган Пакистанда

Президент Эрдоган Исламабад Нур Хан аба базасына барганда Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф, премьер – министрдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сертач Азиз, коргоо министри Хаважа Мухаммад Асиф, Пакистан протокол боюнча  генералдык директору Сахибзаде Ахметхан, Түркиянын Исламабад элчилигинин кызматкерлери тарабынан тосулуп алынды.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, вице – премьерлер Вейси Кайнак, Тугрул Түркеш, башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Хулуси Акар, үй – бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак менен экономика министри Нихат Зейбекчи да Исламабадга барды. 2 күндүк расмий сапарынын программасы абдан тыгыз.

Эрдоган Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф жана кесиптеши Мемнун Хүсейин менен жолугушат. Жолугушуулардан кийин түрдүү тармактарда келишимдерге кол коюлат. Андан кийин биргелешкен пресс – жыйын өткөрүлөт. Эрдоган түрк жана Пакистан фирмаларынын башкаруучулары менен да жолугушат, Улуттук парламент жана сенатына да кайрылат. Эрдоган борбор шаар Исламабаддагы жолугушууларынан кийин Лахорго барат.



Тектеш кабарлар