Измирде качкын көчмөндөр кармалды

Алар мыйзамсыз жолдор менен Грецияга барууга аракет кылышкан

610165
Измирде качкын көчмөндөр кармалды

Измирдин Чешме районунан резина кайык менен Грецияга өтүүгө аракет кылган чет элдик 42 киши кармалды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин кызматкерлери, Караабдуллах булуңунун жээктеринде мыйзамсыз жолдор менен Сакыз аралына барууга аракет кылган чет элдиктердиктерге операция жүргүзүштү.

Резина кайыктагы 39у сириялык, 3ү камерундук 42 киши Чешме районуна алынып келинди.

Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү тарабынан аларга тамак-аш жана кийим-кечек берилгенден кийин Измир шаарындагы Көч башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар