Президент Эрдоган Белоруста

Президент Эрдоганды Белорустун президенти Александр Лукашенко расмий азем менен тосуп алды

608923
Президент Эрдоган Белоруста

Президент Эрдоган бул жерде үй ээси президент Александр Лукашенко тарабынан расмий азем менен тосулуп алынды. Эрдоган менен Лукашенко андан кийин жекеме – жеке сүйлөшүүгө өтүштү. Сүйлөшүүнүн басма сөзгө ачык бөлүгүндө сөз сүйлөгөн Эрдоган кечигүү менен болсо да Түркиядан биринчи жолу Белоруска сапар менен барган президент болуудан бактылуу экендигин билдирди.

«Келечекке карата Белорусь менен аймакта бирдикте жасай турган, өзгөчө экономикалык тармакта абдан чоң иштер бар»,- деген президент Эрдоган Белорустагы инвестиция көлөмүнүн1, 5 миллиард долларга жакын экендигин билдирди. Коштоосундагы ишкерлердин Белоруска башка көз караш менен карагандарына көңүлдөрдү бурган Эрдоган Белорусь ишкерлери менен кошо таштала турган кадамдардын эки өлкө үчүн  маанилүү болорун айтты.

Президент Эрдоган менен биргелешкен иш форумуна катышарын эске салган Лукашенко да Түркиядан 200, өлкөсүнөн болсо 300дөн ашуун фирма катыша турган форумдун өз тарыхында эң кенен масштабдуу форум болорун билдирди.

Лукашенко : «Урматтуу президент, сиздин сапарыңыз менен карым – катнаштарыбызда бир жогорку баскычка өтө аларыбызга ишенем. Көз карандысыздыгыбызга жетишкен күндөн бери Түркия менен курган карым – катнаштарыбыздын чың көңүлдөн экендигин белгилегим келет. Түркияга карата ар дайым ачык экенибизге ишенсеңиз болот»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар