Эрдоган Трампты телефон аркылуу байланышып куттуктады

Сүйлөшүүнүн жылуу маанайда өткөнү билдирилди

607597
Эрдоган Трампты телефон аркылуу байланышып куттуктады

Президент Режеп Тайип Эрдоган АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трампты телефон аркылуу байланышып куттуктады.

Президенттиктен маалымдалгандай Эрдоган АКШда өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу жеңишинен улам Трампка өз куттуктоосун билдирип ийгилик каалады.

Түркия менен АКШнын эки тараптуу урмат сый, биргелешкен кызыкчылыктар жана  орток баалуулуктардын негизинде бириккен эки шериктеш экенине көңүл бурган президент Эрдоган, алдыбыздагы мезгилде эки тараптуу карым-катнаштардын биргеликте дагы да күчтөндүрүлө турганына ишенгенин баса белгиледи.

Жылуу маанайда өткөнү билдирилген телефон сүйлөшүүсүндө, президент Эрдоган менен АКШнын президенти Трамптын, эки тараптуу алакаларды дагы да өнүктүрүү менен катар, эң биринчи террор менен күрөшүү, аймактык жана эл аралык маселелерде кызматташууга карата чечкиндүүлүктөрүн да баса белгиленгендери белгиленди.

Президент Эрдоган айрыкча куттуктоосуна байланыштуу социалдык тармактагы баракчасынан да бөлүштү.



Тектеш кабарлар