Эрдоган Беларуска барат

Президент Эрдоган менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун жетекчилигинде өтө турган сүйлөшүүлөрдө кайсы темалар каралат?

606241
Эрдоган Беларуска барат

Президент Режеп Тайип Эрдоган жана аны коштогон делегация 11-ноябрда Беларуска расмий сапар менен барат.

Президент Эрдоган менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун жетекчилигинде өтө турган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу жана аймактык маселелер талкууланат.

Сүйлөшүүлөрдө айрыкча эки өлкөнүн карым-катнаштарынын тереңдетилишине карай кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн каралышы, ар түрдүү келишим жана протоколдорго кол коюлушу көздөлүүдө.

Түркия-Беларусь ишкердик форумунда катышуучуларга кайрыла турган президент Эрдогандын Түркиянын Диянет фонду тарабынан жаңыланган Минск мечитинин ачылышына да катышышы күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар