Түркия эми өзүнө жаңы жол чийген өлкөгө айланды

Эрдоган Саламаттык сактоо илимдери университетинин ардактуу докторлук наамынын тапшырылуу жана Академиялык госпиталдын ачылышында сөз сүйлөдү.

604872
Түркия эми өзүнө жаңы жол чийген өлкөгө айланды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) эл өкүлдөрүнүн кармалышы жана камакка алынышына сереп салып: «Кол тийбестикке таянып Парламентке, мамлекетке, улутка, сотко моюн сунбаган, ал эмес аларга акаарат кылган обу жоктордун максаты Түркияны эл аралык аренада кыйын абалга түшүрүү эле. Ачык жана так айтамын. Менин бул эл аралык кол салуулардан кымындай да коркконум, кооптонгонум жок. Мен үчүн эң негизгиси улут болуп эсептелет»,-деди.

Стамбулдун Үскүдар районунда Саламаттык сактоо илимдери университетинин ардактуу докторлук наамынын тапшырылуу жана Академиялык госпиталдын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган, Түркиянын акыркы 3 жылда башынан өткөргөн жагдайлардын себебинен эми жагдайларга көз карашын өзгөрткөн, өзүнө жаңы жол чийген өлкө болгонун айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Мындан ары биз үчүн «бул эмне дейт, тиги эмне дейт?» деген өлчөм болбойт. Эми биздин өлчөмүбүз, өлкөбүздүн жана улутубуздун тынчтыгы үчүн эмне жасалышы керек болсо ошону жасоо болот»,-деди.



Тектеш кабарлар