Террорго каршы операция
9 террорист жок кылынып, 1 террорист тирүү кармалды.
Шырнак жана Битлисте жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтерге карай операцияда 9 террорист жок кылынып, 1 террорист тирүү кармалды.
Шырнактын Бестлер-Дерелер аймагында коопсуздук күчтөрү менен коргоочулар биргелеше операция жүргүзүштү.
Операцияда Жуди-Дагы аймагында 6, Бестлер-Дерелер аймагында болсо 2 террорист жок кылынып, 1 террорист тирүү кармалды.
Айрыкча террористтерге таандык көп сандаган курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттар табылды.
Битлистин Хизан районундагы операцияда да бир террорист жок кылынды.
Бир тараптан Адананын Йүрегир районунда ПККны колдогондор уюштурган уруксатсыз митинг убагында демонстранттардын аткан огунан жаракат алган полиция кызматкери ооруканада шейит болду.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.