Ички иштер министрлигинин террор тууралуу маалыматы

Операциялардын натыйжасында 28зи өлүү, бирөөсү жаралуу, 6сы тирүү, бирөөсү багынуу менен жалпы 36 террорист таасирсиз абалга алып келинди

605502
Ички иштер министрлигинин террор тууралуу маалыматы

 Ички иштер министрлиги жикчил террордук уюм менен күрөшүүнүн негизинде акыркы бир жуманын ичинде 68 террористтин өлтүрүлгөндүгүн, уюмга жардам берген 297 кишинин да камоого алынгандыгын билдирди. Маалыматта террордук уюмдар менен күрөшүүнүн негизинде акыркы бир жумада жандармериянын атайын кыймыл жана жандармериянын десанттык бөлүктөрү тарабынан төртөөсү чоң масштабда болуу менен 544 операциянын жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операциялардын натыйжасында 28зи өлүү, бирөөсү жаралуу, 6сы тирүү, бирөөсү багынуу менен жалпы 36 террорист таасирсиз абалга алып келинди.

Айрыкча аба элементтери тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда 32 террористтин өлтүрүлгөндүгү белгиленди. Террористтер тарабынан коюлган 26 граната менен террористтер тарабынан колдонулган 19 баш калкалоочу жер жардырылды.  14  террордук кыймылга бөгөт коюлуп, 25 курал менен 30 граната колго түшүрүлдү. Террористтерди финансылаган  наркотикага карата жүргүзүлгөн операцияларда 665 киши камоого алынды.

Иретсиз көч менен күрөшүүнүн негизинде 122 киши камоого алынды. Чет элдик террористтер менен күрөшүүнүн негизинде байкоого алынган террордук уюм ДЕАШ мүчөсү 151 кишиден 28зи камоого алынды.



Тектеш кабарлар