Сириянын Мүнбич аймагын террор уюму ПКК/ПЙДдан тазалайбыз

Эрдоган Президенттик комплексинде айыл өкмөт башчылары менен жолукту.

598000
Сириянын Мүнбич аймагын террор уюму ПКК/ПЙДдан тазалайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Мүнбич аймагынын террор уюму ПККнын уландысы ПЙДдан тазаланышы боюнча чечкиндүү экендиктерин белгилеп: «Ирактын секталык кагылышууга түртүлүшүнө уруксат бербейбиз»,-деди.

Эрдоган Президенттик комплексинде айыл өкмөт башчылары менен жолукту.

«Түркия,Иракта жана Сирияда болуп жаткан ар бир окуянын ичинде сөзсүз орун алат»,-деген Эрдоган: «Террор уюмдарына каршы жүргүзүлгөн күрөштө керек болсо дипломатиялык жана аскердик күчүбүз менен да ал жактагы туугандарыбызды коргоого чечкиндүүбүз»,-деп айтты.

Сирияда 24-августтан бери уланган «Евфрат калканы» кыймылына токтолгон Президент: «Жераблустан киребиз дедик. Эркин Сирия армиясы алдыда аркасында биз тылдык колдоо менен кирдик. Эми Жераблус калкы артка кайтты. Инфраструктураларга байланыштуу иштер уланууда, балдар мектептерине бара башташты. Андан кийин Эл Раиге кирилди. Андан кийин Дабыкка бет алдык. ДЕАШ катуу каршылык көрсөттү, бирок Дабыктан ашылып өтүлдү. Эми Эл Бабды көздөй баратабыз. Эл Бабдан Мүнбичти көздөй багытталат. ПЙД/ЙПГга каршы керектүү күрөш жүргүзүлүүдө. Биз ДЕАШ, ЙПГ/ПЙД террор уюмдары менен күрөшүүбүздү улантабыз. Эң кыска убакта Мүнбичти ПЙДдан тазалоого чечкиндүүбүз. Же алар чыгып Евфраттын чыгышына кетишет, кетпей турган болсо биз чара көрөбүз»,-деп айтты.

Ирактын болсо секталык согушка түртүлүшүнө уруксат бербей тургандарын белгилеген президент Эрдоган: «ДЕАШ мусулмандарды кыргынга учуратты. Эми болсо «шииттик шылтоосу менен мусулмандарды кыргынга учурата турган интригалар ортого салынууда»,деген эскертүүсүн кылды.

Президенттин Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине карай сурактар туурасында да сереп салуулары болду.

15-июлдун чыныгы жабыркоочуларынын ошол түндөгү шейиттер болгонун белгилеген Эрдоган: « Ким ФЕТӨнун мүчөлөрүнүн жабыркап жатканын айтса, ал чыккынчылык кылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар