ТРТнын башкы директору Шенол Гөка Индонезияда

Азия-Тынч океан көрсөтүүлөр биримдигинин жыйынында баяндама жасады

594913
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка Индонезияда

Азия-Тынч океан көрсөтүүлөр биримдигинин 53-жыйыны Индонезиянын Бали шаарында өткөрүлдү.

ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, төрага орун басары сыпаты менен башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылды.

Гөканын күн тартибинде Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети бар эле.

«Коомдук жана менчик телеберүү мекемелеринин төңкөрүшчүлөрдү жеңүүдө чоң салымдары болду» деген Гөка, Азия-Тынч океан көрсөтүүлөр биримдигинин мүчөлөрүнө ушул процессте көрсөткөн колдоолорунан улам ыраазычылык билдирди.

ТРТ Балидеги жыйында төңкөрүш аракетине таандык көрүнүштөр орун алган стенд да ачты.

Фотосүрөттөрдө элдин төңкөрүшчүлөргө каршы кандай күрөшкөнү, Йеникапы митинги жана президент Режеп Тайип Эрдогандын эл менен жолугушуусу орун алууда.

ТРТнын башкы директору: «Президентибиздин чакырыгы менен элибиздин өз жанын аябай бардык мекемелерин, демократиялык жолдор менен шайланган өкмөтүн, парламентин коргоп калышын жана бул медианын болуп өткөн окуяларды өз көзү менен көрүп, көрсөтүп чогуу кызматташуусун бүткүл дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Бардык жерде да муну аткарууга аракет кылуудабыз»,-деди.

ТРТнын стенди болсо чоң кызыгуу тартты. Журналисттер фотосүрөттөрдү бир-бирден иликтеп чыгышты.



Тектеш кабарлар