Түркия Мосулда кан көлдөшүнө макул боло албайт

Нуман Куртулмуш, Түркиянын Ирактын Мосул шаарынын кан көлүнө айланышына макул болбой турганын айтты.

594184
Түркия Мосулда кан көлдөшүнө макул боло албайт

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Түркиянын Ирактын Мосул шаарынын кан көлүнө айланышына макул болбой турганын айтты.

Куртулмуш, Бурдурдун Гөлхисар районундагы топтуу түрдө ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Мосулдун абдан оңой, бир дегенде эле чийип сала тургандай же көз жаздымда калтырыла тургандай аянт эмес экендигин баса белгилеп: «Мосул биздин Улуттук пакт (Misak-ı Milli) чек араларыбыздын ичинде орун алган бир жер. Муну айтып жатканда бирөөлөр туура эмес түшүнүп албасын, эч кимдин жерин басып алуу оюбуз жок, бирок буга «болоору болду» деп Мосулда кан көлдөтүүгө макул боло албайбыз. Мосулда кылымдардан бери жашап келген түркмөндөр,арабдар, язиддер, күрттөр жана башка элементтер бар. Булар биргеликте кыяматка чейин чогуу жашоосун улантышат. Эми Мусулдан ДЕАШты тазалап жатабыз деп атып жанынарга Хашди Шабини да, ПКК/ПЙДны да алып келбегиле. Аймак калкы да ким кандай кааласа ошондой жашасын»,-деп айтты.

Түркия чийген жолдордун алкагында операциялар уланганын белгилеген Куртулмуш, Түркияга каршы эч кандай түрдө зыян келбей турганын айтты.

Иракта түрк аскеринин турушуна да токтолгон Нуман Куртулмуш: «Биз ал жакка сөз болсун деп барган жокпуз. Ирактын борбордук өкмөтү жана Түндүк Ирак башкаруучулугунун чакырыктары боюнча бардык. Ал жерде жергиликтүү калкты машыктырып эми 3 миңдейи пешмерге менен бирге ДЕАШка каршы күрөшүүдө. Бирөөлөр «Башикада Түркиянын эмне иши бар?»-деп сурай турган болсо, биз да андан: «10 миң км алыстыктан келгендердин Ирак жана Сирияда эмне иши бар? Кайсы тарыхый өнөктөштүгүңүз бар?»-деп сурайбыз»,-деди.

Түркиянын бул сыноодон да ийгиликтүү өтө турганын белгилеген Куртулмуш, Түркиянын Жераблусту, эми болсо Мүнбичти ПЙДдан, ДЕАШтан тазалап Сирияда кандай маанилүү кадам таштай турган болсо, Мосулда да, Мосул калкынын калышын камсыздай турган чечкиндүүлүгүн уланта турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар