Террористтер жок кылынды
«Евфрат калканы» кыймылы уланып жатат
![Террористтер жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/952d/85d7/997e/5804555790fe2.jpg?time=1719054993)
Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар Сириядагы террористтерге каршы абадан операция жүргүздү.
Сириянын түндүгүнүн террордук уюмдардан тазаланышы үчүн Түркиянын жетекчилигинде 24-августта башталган «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында кечээ Түрк куралдуу күчтөрү террордук уюм ПЙД/ЙПГге мүчө 200гө жакын террористти жок кылды.
Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар Сириянын түндүгүндөгү Марат Ум Хавс аймагындагы террристтерди бутага алды.
Операцияда аймакта аныкталган брондолгон унаа жана баш калкалоочу жай катары колдонулган 18 бута да жок кылынды.
Ошондой эле террордук уюм ДЕАШка таандык экени белгиленген 42 бута да бомбаланды.
Кыймыл башталгандан бери 1 миң 260 чарчы километрдик жер көзөмөлгө алынды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719054993)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.