ТРТ проектилерди өнүктүрүү сыйлыгы

ТРТ бул жылкы форумунда дагы чоң  катышууну максат кылууда

589180
ТРТ проектилерди өнүктүрүү сыйлыгы

Түрк кино тармагында бекем карым – катнаштарды курган Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси 16 – 23 -  октябрь күндөрү боло турган 53 -  Эл аралык Анталья кино фестивалынын негизинде өткөрүлгөн Анталья кино форумунда тандала турган бир проектиге 40 миң лиралык өнүктүрүү колдоосун берет.

Бул жылы биринчи жолу фестивалдын негизинде орун ала турган биргелешкен проектилерди өнүктүрүү платформасы Анталья кино форуму башта Түркия болуу менен дүйнөнүн бардык жеринде бирдикте жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну, продюссер жана режиссерлордун жаңы кинолорду чыгаруусуна жана проектилеринин эл аралык кино тармагынын ичинде орун алуусуна саламын кошууну максат кылууда.

Өткөн жылы өткөрүлгөн «Киного телекөрсөтүүдөн кароо: ТРТ тв кинолору» деген темадагы тармактын профессионалдарынын чоң кызыгуусу менен беттешкен ТРТ бул жылкы форумунда дагы чоң  катышууну максат кылууда.

 



Тектеш кабарлар