Өзгөчө кырдаалдын 90 күнгө узартылышы Парламентте бекитилди
Өзгөчө кырдаалдын узартылышы боюнча Премьер-министрликтин сунушу добушка салынды.
587544
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы кеңешинде өзгөчө кырдаалдын дагы үч айга узартылышына байланыштуу Премьер-министрликтин уруксат документи кабыл алынды.
Жалпы кеңеште саясий партиялардын фракциялары, жеке кишилер жана Өкмөттүн атынан сөз сүйлөөлөр болгондон кийин уруксат документи эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсүнө сунушталды.
Андагы ачык добуш берүүдө өлкөнүн жалпысында уланган өзгөчө кырдаалдын 2016-жылдын 19-октябры шаршемби күнү саат 01.00ден баштап 3 айлык мөөнөткө узартылышына байланыштуу Премьер-министрликтин уруксат документи кабыл алынды.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.