Эрдоган дүйнөлүк лидерлерге кайрылды

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн 23-Дүйнөлүк энергетика конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

586920
Эрдоган дүйнөлүк лидерлерге кайрылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөлүк лидерлерге кайрылып: «Келгиле, Сирия менен Иракта тынчтыкты орнотуу үчүн кол кармашалы»,-деди.

«Терроризм глобалдык маселе болсо башка мамлекеттерден колдоо талап кылуу да табигый нерсе» деген Эрдоган: «Өлкөбүздөгү террорго кантип каршы турсак Сирия жана Иракта да муну кылышыбыз мажбурдуулук. Биз булардын бардыгы менен катар бүткүл дүйнөнүн энергетика биримдиги үчүн да күрөшүүдөбүз»,-деп айтты.

Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн 23-Дүйнөлүк энергетика конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркияда энергетиканын бардык тармактарында олуттуу инвестиция потенциялы бар. Түркияга ишенген, өлкөбүзгө инвестициясын салгандар эч качан өкүнүп калган жок, мындан кийин да өкүнбөйт»,-деди.

Президент Эрдоган 3-Атомдук станция долбоорун ишке ашыруунун изденүүсүн кылып жаткандарын айтып, «Максатыбыз энергия муктаждыгыбыздын 10 пайызын атомдук станциядан камсыздоо»,-деди.

"Түрк агымы" долбоору үчүн иштер уланып жактанын да белгилеген Эрдоган: «Азербайжан мунай затынан баштап Баку-Тбилиси-Жейхан түтүк жолун ишке ашырдык. ТАНАПты куруп жатабыз. Азербайжан газы Европага ушул түтүк жолу аркылуу ташылат. «Түрк агымы» долбоору үчүн иштерибиз уланып жатат. Бул долбоордун иштери Европадагы абалдарга параллель жүргүзүлөт. Жасалган иштер бул долбоор үчүн эң ыңгайлуу багыттын Түркия экенин көрсөтүүдө»,-деди.

Бул учурда президент Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин, Венесуэланын президенти Николас Мадуро, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы менен жолугушту.

Президент Эрдоган жолугушуулардан кийинки билдирүүсүндө: «Тынчтык үчүн бөлүшөлү билдирүүсүн бүткүл дүйнөгө жеткирүүнү максаттап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар