Түркия менен Орусиянын ортосунда "Түрк Агымы" келишимине кол коюлду

Кол коюу аземинен кийинки маалымат жыйында Путин менен Эрдоган маанилүү маалыматтарды беришти.

586778
Түркия менен Орусиянын ортосунда "Түрк Агымы" келишимине кол коюлду
erdoğan putin

Орус газын Түркияга ташый турган келишимге Түркия жана Орусиянын энергетика министрлери Берат Албайрак менен Александр Новак кол коюшту.

Стамбулдагы Мабейн сарайында өткөрүлгөн кол коюу аземинде президент Режеп Таййип Эрдоган менен 23-Дүйнөлүк энергетика конгрессине катышканы келген орус кесиптеши Владимир Путин да орун алды.

Кол коюлгандан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында алгач сөз алган президент Режеп Таййип Эрдоган, Владимир Путин менен өз алдынча жана бир жарым саатка созулган кеңири жолугушууда, эки тараптуу карым-катнаштар менен катар энергетика тармагы менен катар маданият, туризм жана соода-сатык сыяктуу темаларды да карап чыккандарын айтты.

Орусия менен карым-катнаштарындагы нормалдашуу процессинин ылдам улана турганына ишенгенин белгилеген Президент, Жогорку деңгээлдеги кеңешүү жыйналышынын да бир канча айдын ичинде аткарыла турганын белгиледи.

Эрдоган аймактагы абалдын алкагында Путин менен Сирия, «Евфрат калканы» кыймылы жана Халебдеги трагедиянын адамзат абалын сүйлөшүп ыктымалдуу кызматташтык альтернативаларын карагандарын белгилеп кетти. Эрдоган эки өлкөдөн тең жогорку деңгээлдеги бюрократтар жолугушуп бул темаларды кеңири карап чыга тургандарын айтты.

Эрдоган орус кесиптеши менен Аккую атомдук станциясына байланыштуу мындан кийин процесстин ылдам уланышында макулдашкандарын баса белгилеп, мурдагы убакытты коротуунун орду толтурула турганын белгилеп кетти.

Конок мамлекет башчы Владимир Путин болсо өз сөзүн Дүйнөлүк энергетика конгрессинин ийгилигинен улам түрк тарабын куттуктоо менен баштады.

Эрдоган менен эки тараптуу карым-катнаштарды карап чыккандарын айткан Путин, бул тармактагы эмгектенүүлөрдү ылдамдатуу үчүн макулдашкандарын айтты.

Түркиядан жаңы жашылча-жемиш жана айрым айыл чарба продукцияларынын экспортунун кайрадан эркин кое берилгенин жарыялаган Путин, мунун эки тарап үчүн тең пайдалуу болоорун баса белгиледи.

Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыгын Аккую станциясын да камтыгыдай түрдө кеңири сүйлөшкөндөрүн белгилеген орус лидери, бул долбоордун кызматкерлердин окутулушу тармагын да камтыганын белгилеп өттү.

Путин Түркияга камсыздалган жаратылыш газдын баасын арзандатуу үчүн  да президент Эрдоган менен макулдашкандарын жарыялады.

Түркия жана Орусиянын Сирияда аккан кандын токтотулушун каалаганын баса белгилеген Владимир Путин, бул өлкөдө саясий өткөөл мезгилдин дароо башталышын каалагандарын белгиледи.

Владимир Путин Сириянын Халеб шаарына гуманитардык жардам жеткирилишин өздөрү да каалаганын, бирок бир провакация болушуна бөгөт болуш үчүн Америка бийлигине сунуш алып баргандарын белгилеп: «Бирок алар муну жасагысы келбейт»,-деди.

Путин, Халебде аккан кандын токтотулушу үчүн БУУнун атайын өкүлү Стаффан де Мистура жарыялаган «курал таштагысы келбеген топтордун аймактан чыгарылышы» сунушун болсо оң карагандарын айтты.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар