Ирактын түндүгүндө дин, тил, секта айырмачылыгын кылбайбыз

ТИКАнын Ирактын Күрт аймактык башкаруусундагы иш-чаралары.

586278
Ирактын түндүгүндө дин, тил, секта айырмачылыгын кылбайбыз
Ali Maskan.jpg

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги ТИКА, Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун көзөмөлүндөгү аймакта секта жана дин айырмачылыгын кылбастан 12 мектепти оңдоп чыкты.

ТИКАнын төрага орун басары Али Маскан, мектептерге барып Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун билим берүү министри Пиштиван Садык менен чогуу мектептердин ачылышын жасады.

ТИКА катары, Түркия катары дүйнөнүн ар башка жерлеринде иш алып баргандарын белгилеген Али Маскан: «Бирок миңдеген жылдардан бери коңшу жана дос болуп жашап келген аймактагы адамдардын бизди ушунчалык чын-жүрөктөн тосуп алышы бизди сыймыктандырды жана бактылуу кылды»,-деди.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун билим берүү министри Пиштиван Садык да Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнө (ФЕТӨ/ПДЙ) караштуу мектептер туурасында Өкмөт катары чара көргөндөрүн жана керектүү иштер аткарылганын баса белгиледи.

Аземдерге катышкан Түркиянын Эрбилдеги башкы консулу Мехмет Акиф Инам болсо аймакта ар дайым элди коргой тургандарын жана жардамдарын уланта тургандарын жарыялады.

Мехмет Акиф Инам: «Биз Түркия катары, өкмөт катары жана жарандык коомдук уюмдардын жөндөмдүүлүктөрүнүн алкагында бул жердеги туугандарыбызга жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Муну кылып жатканда эч кандай дин, агым, тил жана секта айырмачылыгын кылбайбыз. Оңдолгон мектептердин арасында түркмөн мектептери да, күрт мектептери да бар»,-деди.



Тектеш кабарлар