Түркиянын кээ бир элчиликтерине дайындоолор Расмий гезитте жарыяланды

Танжу Билгич Түркиянын Белград элчилигине дайындалды

582526
Түркиянын кээ бир элчиликтерине дайындоолор Расмий гезитте жарыяланды

Расмий гезиттин бүгүнкү санында чыккан чечим боюнча тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич Түркиянын Белград элчилигине дайындалды.

Бир тараптан андан мурда тышкы иштер министрлигинин орун басары катары кызмат кылган элчи Али Нажи Кору Түркиянын БУУнун Женева туруктуу өкүлү, министрликтин кеңешчиси Атылай Эрсан Омман элчиси, текшерүү кеңешинин мүчөсү Дениз Өзмен Панама элчиси, Европа иштери боюнча баш директору Хатиже Аслыгүл Үгдүл Словакия элчиси, Түркиянын Австрия элчиси Мехмет Хасан Гөгүж Португалия элчиси, БУУнун Женевадагы туруктуу өкүлү Мехмет Ферден Чарыкчы Австрия элчиси, башкы директордун орун басары Мухиттин Ахмет Язал да Монголия элчилигине дайындалды.

Омман элчиси Угур Доган, Словакия элчиси Лебибе Гүлхан Улутекин, Португалия элчиси Эбру Барутчу Гөкденизлер жана Сербия элчиси Мехмет Кемал Бозай болсо башка кызматтарга келишти.



Тектеш кабарлар