Террор менен күрөшүүдө сергек болуш керек

Өмер Челик Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен Европа Биримдиги боюнча министрликте жолукту.

577746
Террор менен күрөшүүдө сергек болуш керек

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, террор менен күрөшүүдө сергек болуу керектигин айтты.

Өмер Челик ар түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келген Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен Европа Биримдиги боюнча министрликте жолукту.

Жонсондун Осмон империясынын акыркы тышкы иштер министри Али Кемалдын небереси болгонуна да шилтеме кылынган жолугушууда эки тараптуу жолугушуулар жана терроризм менен күрөшүү темалары каралды.

Өмер Челик Борис Жонсонду кабыл алуусунда күн тартипке баа берди.

Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине токтолуп, «Булар, 241 жаранды шейит кылып, миңдегенин жаралап мыкаачылык кыймылды кылды. Ошондуктан аларга мүмкүнчүлүк берилсе кайрадан ошондой мыкаачылык кыймылдарды кыла турганы шексиз»,-деди.

«Мамлекет ишин билет жана ишин кылып жатат»,-деген Челик, террор менен күрөшүүдө сергек болууга чакырды.

Челик жаңы төңкөрүш аракети боло турганы жөнүндөгү басма сөздө чыккан кабарларга анчейин көңүл бурулбашы керектигин айтты.

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон да: «Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуудабыз. Айтымдар негизсиз, ойдон чыгарылган айтымдар деп мүнөздөй алам. Түркиянын демократиялык мекемелерин колдообузду улантабыз»,-деди.

Конок министр, «Сирияда ырааттуулук жакын арада камсыздалышын каалайм. Түркия бул процессте маанилүү роль ойношун улантат. Урматтуу Өмер, сиздин бул процессте Англия менен Түркиянын ортосундагы көз карашыңыз абдан маанилүү. Осмондуктан келген 2 адам катары келечек үчүн бөлүшө турган көп нерсебеиз бар. Түркия жыл сайын 2 миллион англис туристти тосуп жатат. Биз да абдан шанстуу экенбиз. Улуу Биртанияда түрк товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мен Түрк маркасы идиш жууган машина колдоном. Чындап эле абдан жакшы иштеп жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар