Сирияда ДЕАШ менен айыгышкан салгылашуу болуп жатат

Кыймылдын алкагында террор уюмуна таандык 69 бутага «Фыртына» пушкалары менен 210 жолу ок атылды.

576992
Сирияда ДЕАШ менен айыгышкан салгылашуу болуп жатат

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-августта баштаган «Евфрат калканы» кымылынын алкагында террор уюму ДЕАШка мүчө 7 террорист жок кылды.

Кыймылдын алкагында террор уюмуна таандык 69 бутага «Фыртына» пушкалары менен 210 жолу ок атылды.

Башкы штаб төрагалыгынан кыймылдын 33-күнүнө байланыштуу маалымат берилип, оппозициячылдардын Раинин батышындагы Сандарах, Кадриш жана Бахвуртах менен чыгышындагы Шанди отурукташкан жерлеринде кайрадан көзөмөлдү камсыздаганы билдирилди.

Анда чалгындоо жана байкоо унаалары менен террор уюму ДЕАШка таандык экени белгиленген 69 бутага 210 жолу ок атылды.

Ушуну менен кыймылдын башынан бери 1289 бутага 5007 жолу ок атылды.

Түрк аба күчтөрүнө таандык учактар тарабынан Талл Атиях жана Шандиде орун алган 2 бутага 3 бомба ташталып, 2 имарат талкаланды.

Коалициялык күчтөр тарабынан жүргүзүлгөн 5 аба кыймылында болсо 7 террорист жок кылынды, 1 миномет, коргонуучу жай жана имарат жок кылынды.

Террор уюму ДЕАШтан тазаланган аймактарда көпчүлүгү тузак салынган 26 мина жана 971 колго жасалган жарылуучу зат жок кылынды.



Тектеш кабарлар