Түркиянын Жилвегөзү бажы аянтында күттүрүлгөн унаалар

40 фура дагы эле бажы аянтында күттүрүлүүдө.

574521
Түркиянын Жилвегөзү бажы аянтында күттүрүлгөн унаалар

Сирияда жарандык согуштун чеңгелиндеги миңдеген киши бир тараптан жанын сактаганга аракет кылууда, экинчи тараптан ачкачылык менен күрөшүүдө.

Режим курчоого алган жарандар ким жардам берет деген үмүт менен күтүүдө. Бирок Бириккен Улуттар Уюмунун Сириянын Халеб шаарына жеткирүүнү каалаган гуманитардык жардам унааларынын Хатайдын Жилвегөзү чек ара капкасындагы күтүүлөрү уланууда.

Курман айттын алгачкы күнү болгон  12-сентябрда жарыяланган ок атууну токтотуу макулдашуусу үмүттөрдү жандырды эле. Ошондуктан БУУ Хатайдын Рейханлы районундагы гуманитардык жардам материалын сактоочу жайлардан Халебдеги миңдеген адамга жардам жөнөтүүгө чечим чыгарды. Бирок Хатайдын Жилвегөзү капкасынан өткөн унаалар ок атпоо макулдашуусу бузулгандыктан коопсуздук себеби менен жолго түшө алган жок. 40 фура дагы эле бажы аянтында күттүрүлүүдө.

Ошондой эле абал Идлибге барыш үчүн чек ара капкасына келген 15 фура үчүн айтылса болот. Фуралардагы гуманитардык жардамдар  азык-түлүк, тез жардам материалдары, балдардын кийимдери жана оюнчуктардан турат.



Тектеш кабарлар