Орус командири Анкарага келди
11 жыл өткөн соң аткарылган сапардын Орусиянын Түркиянын аймакта чоң күч болгонуна маани беришинин белгиси катары бааланды.
![Орус командири Анкарага келди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/15a7/a5d6/e8c7/57db723d6b8a0.jpg?time=1719081757)
Орусиянын башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимов Түркиянын башкы штабынын төрагасы армия генералы Хулиси Акар менен Анкарада жолугушту.
Анда Сириядагы акыркы кырдаал, террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүү жана аскердик кызматташуу темалары каралды.
Армия генералы Акар менен Герасимов жолугушууда чечүүчү жол боюнча пикир алмашышты.
Эки өлкөнүн тең акыркы убакта ДЕАШка каршы күчөткөн операциялары каралып чыкты.
Сүйлөшүүдө «Евфрат калканы» кыймылы да талкууланды.
Ошондой эле Түркия менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташуу темалары да күн таптипте эле.
Анда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташууну күчтөндүрүү үчүн таштала турган кадамдар каралды.
Аскердик булактар эки өлкөнүн аскердик тармактагы түшүнүшүүсүнүн, бул жолугушууда дагы да чыңдалганын белгилешти.
11 жыл өткөн соң аткарылган сапардын, Орусия Федерациясынын Түркиянын аймакта чоң күч болгонуна маани беришинин белгиси катары бааланды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719081757)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.