Йылдырым-Столтенберг жолугушуусу

Йылдырым-Столтенберг жолугушуусунда маанилүү темалар сүйлөшүлдү.

568754
Йылдырым-Столтенберг жолугушуусу

Премьер-министр Бинали Йылдырым НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергди кабыл алды.

Жолугушууда «Евфрат калканы» кыймылы жана Фетуллахчы террор уюму,параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракети каралды.

Өкмөт башчы Йылдырым, НАТОнун баш катчысы Столтенбергге мыкаачылык төңкөрүш аракетине каршы алгачкы күндөн баштап көрсөткөн колдоосу үчүн ырахмат айтты.

Йылдырым анда «Евфрат калканы» операциясы туурасында маалымат берди, террор уюмдары менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү баса белгиледи.

Столтенберг да мыкаачылык төңкөрүш аракетинин НАТОнун бир мүчөсүнө жана шериктештик таянган негизги баалуулуктарга кол салуу болгонун айтты.

Жолугушууда айрыкча НАТОнун күн тартибине байланыштуу темаларда пикир алмашты.



Тектеш кабарлар