«Евфрат калканы» кыймылы дагы да тереңдейт

Вице-премьер Нуреттин Жаникли Министрлер кеңеши туурасында маалымат берди.

567280
«Евфрат калканы» кыймылы дагы да тереңдейт

Министрлер кеңешинин жыйналышы президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлдү.

Орто эсеп менен 6,5 саатка созулган жыйналышта ички жана тышкы коопсуздук темалары каралды.

Жыйналыштан кийин маалымат берген вице-премьер Нуреттин Жаникли, «Евфрат калканы» кыймылынын дагы да тереңдей турганын айтты.

Өлкө ичиндеги операциялар туурасында да акыркы маалыматтарды бөлүшкөн Жаникли, 229 террор окуясы жана 19 жанкечтилик бомба окуясына бөгөт коюлганын жарыялады.

Жаникли Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекет түзүмүнө (ФЕТӨ/ПДЙ) карай операцияларда кызматтан жаңылыштык менен алынгандардын кайра ордуна келтирилүү каналдарынын ачык экенин айтты.



Тектеш кабарлар