Түрк куралдуу күчтөрүнүн абадан кыймылдары
Хаккаринин Чукуржа району менен Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Метина аймактарына абадан операция жүргүзүлдү.
![Түрк куралдуу күчтөрүнүн абадан кыймылдары](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b619/543e/91b9/57c70b767222d.jpg?time=1718782927)
Хаккаринин Чукуржа району менен Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Метина аймактарында жикчил террор уюмунун мүчөлөрү тарабынан колдонулган курал сактоочу жай, баш калкалоочу жай жана үңкүрлөрү абадан операция жүргүзүлүп жок кылынды.
Башкы штабдын интернет барагынан алынган маалыматка караганда Хаккаринин Чукуржа жана Ирактын түндүгүндөгү Хакурк жана Метина аймактарында бөлүүчү террор уюмунун мүчөлөрүнө таандык буталарга абадан чабуул жасалды.
Согуштук учактар террористтерге таандык курал сактоочу жай, баш калкалоочу жай жана үңкүрлөрдүн таш талканын чыгарды.
Айрыкча Сиирт жана Эрух райондорундагы операцияда 2 террорист жок кылынды.
Диярбакырдын Хазро районундагы жол текшерүү жана изилдөө убагында табылган жерге көмүлгөн колго жасалган жарылуучу зат жок кылынды.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718782928)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.