"Эвфрат калканы" кыймылы

«Эвфрат калканы» кыймылынын башталган күнүнөн бери 300 бутага 1306 ок атылганы белгиленди.

564746
"Эвфрат калканы" кыймылы

Түрк куралдуу күчтөрү, Эркин Сирия армиясынын бөлүктөрүнүн «Эвфрат калканы» кыймылынын 11-күнүндө Сирияда Эл Атхариях, Шейх Якуп, Вукуф, Аййаша жана Эл Мутмихан да арасында болгон 10 аймакта көзөмөлдү камсыздаганын билдирди.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн жарыясында ок атуу колдоо унаалары тарабынан саат 11:11ден 19:00га чейин кыймыл аянтындагы террор уюму ДЕАШка таандык 20 бутага  «Фыртына» пушкасынын 52 огу жана  көп түтүктүү ракета аткычтын 20 огу атылганы белгиленди.

Анда «Эвфрат калканы» кыймылынын башталган күнүнөн бери 300 бутага 1306 ок атылганы белгиленди.

Террор уюмдары тарабынан колдонулган жана чек ара аймагында коопсуздук коркунучун туудурган, Сириянын түндүгүндө операцияларын жүргүзүп жаткан коалициялык кыймылга колдоо көрсөткөн Түрк куралдуу күчтөрүнүн аймакта жашаган жаран калктын зыян тартпашы үчүн ар түрдүү чараларды көргөнүн жана бул темада абдан кылдат болушканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар