Биз АКШнын чыныгы ниетин түшүнгүбүз келет

Нуман Куртулмуш, Сирияда ПЙДнын АКШ үчүн коркунуч туудурбаса да стратегиялык өнөктөштөрдүн террор коркунучтарына каршы бирге кыймыл кылышы керектигин айтты.

564336
Биз АКШнын чыныгы ниетин түшүнгүбүз келет

Вице-премьер Нуман Куртулмуш Америка Кошмо Штаттарынын террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын Эвфраттын чыгышына чегиниши темасында дагы көп кысым көрсөтүшү керектигин айтты.

Түндүк Американын Ислам коомчулугунун 53-Конгрессине катышуу жана ар түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн АКШга барган вице-премьер Нуман Куртулмуш, АКШнын Чикаго шаарындагы жолугушууларынын алкагында Reutersке маалымат берди.

Куртулмуш НАТОнун алкагында шериктеши болгон Түркиянын ар түрдүү террордук коркунуч менен күрөшүүсүнө АКШнын колдоо көрсөтүшү керектигин баса белгиледи.

Ушул алкакта Түркиянын Вашингтондон ПЙДнын Эвфраттын чыгышына чегинүүсү үчүн кысым көрсөтүшүн талап кылганын белгилеген Нуман Куртулмуш, Сирияда ПЙДнын АКШ үчүн коркунуч туудурбаса да стратегиялык өнөктөштөрдүн террор коркунучтарына каршы бирге кыймыл кылышы керектигин айтты.

Вице-премьер Куртулмуш, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Гүлендин кайтарылып берилиши боюнча да, «Биз кайтарып берүү процесси ала турган убакыттан көп америкалык жооптуу кызматтагылардын ФЕТӨнүн корбашчысы Фетуллах Гүлендин кайтарылып берилиши темасындагы чыныгы ниетин түшүнгүбүз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар