Президент Эрдогандын программасы

Чоң жыйырмалыктын саммитине катышуу үчүн Кытайдын Ханчжоу шаарына барды.

563900
Президент Эрдогандын программасы

Президент Режеп Тайип Эрдоган 4-5-сентябрда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммити үчүн Кытайдын Ханчжоу шаарына барды.

Президент бул жерде АКШнын президенти Барак Обама, Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолугушат.

Эрдогандын айрыкча Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен төрт тараптуу жолугушуу өткөрүшү пландалууда.

Саммитте президент Эрдоган Обама менен дүйнөлүк күн тартиптеги маселелер жана Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы, «Евфрат калканы» кыймылы сыяктуу темаларды сүйлөшөт.

Путин менен жолугушууда эки тараптуу экономикалык сүйлөшүүлөр менен катар Сирия маселеси каралмакчы.



Тектеш кабарлар