ФЕТӨнүн ичинде жашап жаткандар мекен чыккынчысы болуп саналат

Президент Эрдоган шейиттердин жакындары жана ардагерлер менен Президенттик комплексинде жолукту.

562360
ФЕТӨнүн ичинде жашап жаткандар мекен чыккынчысы болуп саналат
erdoğan, şehit yakınları ve gazilerle.jpg
cumhurbaşkanı recep tayyip erdoğan, şehit yakınları ve gazilerle.jpg
erdoğan, şehit yakınları ve gazilerle.jpg
cumhurbaşkanı recep tayyip erdoğan, şehit yakınları ve gazilerle.jpg
cumhurbaşkanı erdoğan, şehit yakınları ve gazilerle.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн максатынын жалгыз эле Түркияны эмес, дүйнөнү багындыруу болгонун айтты.

Президент Эрдоган шейиттердин жакындары жана ардагерлер менен Президенттик комплексинде жолукту.

Бештепедеги жолугушууда Президент ФЕТӨ менен күрөшүүгө токтолуп, «Бул кандуу уюмдун ичинде жашоону уланткандар мекен чыккынчысы болуп саналат»,-деди.

Атуулдарды да эскерткен Эрдоган, мамлекеттик мекемелерге кирип алган ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн тийиштүү органдарга билдирилишин талап кылды.

Террордук уюмдардын күчтөрүн кайдан алгандарын абдан жакшы билгендерин баса белгилеген Эрдоган, атын атабастан батышты эскертти.

Эрдоган: «Бүгүн бизди күйгүзгөн өрттүн сизге да келиши качылгыс. Ал өрт сизди да өрттөйт. Бардык террордук уюмдар менен күрөшүүбүздү принциптүү түрдө уланттык. Улантабыз»,-деди.

Шейиттердин жакындары жана ардагерлер менен жолугушууда күтүлбөгөн жаңылык болуп Президенттик комплексинен Жераблуска түз байланыш жасалды.

«Эвфрат калканы» операциясында милдетин өтөп жаткан танкист капитан Эфе Трабзон Президенттик комплексине видео конференция менен байланышып: «Бөлүктөрүбүз чек аранын ары жагында база аймагына жайгашты. Улутубуз кабатыр болбосун. Бардык нерсебиз толук,кемчилигибиз жок»,-деп айтты.

Эрдоган да: «Президенттик комплексинде бардык шейит жана ардагерлердин жакындары менен чогуу олтурабыз. Алган кабарларым менен сыймыктануудамын. Керек болсо чек арадагы күрөшүбүз, керек болсо Жераблуста жөнөкөй оппозициячылдардын күрөшүн сыймыктануу менен байкоодобуз. Алла таалаа жардамчыбыз болсун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар