Жизредеги кол салуу айыпталууда

ПКК террористтери тарабынан бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп алгачкы белгилөөлөргө караганда 11 полиция шейит болду 78 киши жаракат алды.

559930
Жизредеги кол салуу айыпталууда

Шырнактын Жизре районунда полициянын текшерүүчү пунктуна ПКК террористтери тарабынан бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп алгачкы белгилөөлөргө караганда 11 полиция шейит болду 78 киши жаракат алды.

Кол салууда Ыкчам күч башчылыгынын имараты чоң зыянга учурап, Шырнак-Жизре автожолу транспортко жабылды.

Катуу жарылуунун себебинен райондогу көп сандаган үй жана ишкананын айнек терезелери сынды.

Террористтердин кармалышы үчүн операциялар башталды.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Жизредеги кол салууга байланыштуу эч бир террор уюмунун Түркияны чөгөлөтө албай турганын айтты.

Йылдырым, Стамбулда Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүп, террордук уюмдарга жапырт согуш жарыялагандарын белгилеп, «Боштондук согушунда Ардагер Мустафа Кемал Ататүрктүн айтканы сыяктуу «Же эркиндик же өлүм» жана 79 миллион кишинин туугандышына, биримдигине, ынтымагына кастың кылгандар бул мыкаачыларга ылайыктуу жоопту беребиз»,-деп айтты.

Бүгүн дүйнө жүзү суктануу менен байкаган чоң курулушту «Явуз Султун Селим» көпүрөсүн бүтүрүп улутка кызмат кылышы үчүн сунуштап жатканда мыкаачы террор уюмунун билген жоругун кылуудан баш тартпаганын айткан Йылдырым: «Улутубуздун келечеги үчүн өлкөбүздүн эркиндиги үчүн 2023-жыл максаттарыбыз үчүн кажыбастан эмгектенебиз, жаңы проекттерди аткара баштайбыз, бир тараптан да бул террор уюмун талкалап жок кылабыз. Эч бир жаман киришүү бизди тайсалдата албайт»,-деди.

Саламаттык сактоо министри Режеп Акдаг террористтик кол салуу туурасында маалымат берип жатканда:«Шырнактын Жизре районунун полициялык текшерүүчү пунктуна террористтер тарабынан кол салуу болуп 70тен ашуун жаралуу болгону билдирилди. 4өөнүн абалы оор»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар