ФЕТӨ тууралуу изилдөө

ФЕТӨнүн батыш медиасына берген маектериндеги жалгандары...

558612
ФЕТӨ тууралуу изилдөө

ТЕРРОРИСТ КОРБАШЧЫСЫ ГҮЛЕН МААЛЫМДООЛОРУ МЕНЕН ӨЗҮН БИЛДИРИП КОЙДУ

Башкы директорлугубуз тарабынан жасалган изилдөө менен Гүлендин 15-июлдан кийин эл аралык басма сөзгө берген маектеринде айткан жалгандары жарыкка чыгарылды.

Башкы директорлугубуз тарабынан жасалган бир изилдөө менен Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен дароо кийин эл аралык басма сөз мекемелерине берген маектеринде айткан жалгандары жана карама-каршылыктуу маалымдоолору жарыкка чыгарылды. Төңкөрүшкө каршы туруштук берген жүздөгөн кийишинин шейит болушуна, миңдегенинин болсо жаракат алышына себепчи болгон ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин көп жылдар бою айткан жалгандары боюнча курулган уюм экендиги дагы бир жолу ортого салынды.

ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин түгөнбөгөн жалгандары

ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен, төңкөрүш аракетинен кийин  2016-жылдын 16-17-июлунда The Guardian, Financial Times, Wall Street Journal жана The New York Times сыяктуу алдыңкы медиа мекемелерине берген маектеринде төңкөрүш аракетинин башкы жооптуусу болгонун жаап жашыруу үчүн өткөндөн бери төңкөрүштөрдүн жабырлануучусу болгонун айтты. А бирок Гүлен 12-Сентябрь төңкөрүшү туурасында андан мурда уюмга караштуу чыгарма болгон «Сызынты» журналында чыккан «Акыркы коопсуздук жайы» аттуу макаласында төңкөрүшчүл аскерлерге карай «Кызыр сыяктуу тез жардамга келишти» деген сөдөрдү жазган.

  • 2005-жылы 31-январда «Миллийет» гезитине берген маегинде корбашчы Гүлен, 12-Сентябрь төңкөрүшүн башкарган Кенан Эвренди бейишке кетет деп жарыялаган. Гүлен 28-Февраль Постмодерн төңкөрүш процессинде 1997-жылы 16-апрелде Kanal Dда катышкан бир программада төңкөрүшчүлөрдүн Рефах-Жол өкмөтүнөн дагы демократ болгонун айтып, өткөндөн берки төңкөрүш уюштуруучусу болгонун ортого салды. Шайланган өкмөткө карай ал мезгилде «жасай алган жоксуңар, эми таштагыла» деген билдирүүлөрү дагы эле аң-сезимдерде болгон ФЕТӨ корбашчысы, эл аралык басма сөзгө төңкөрүштөрдөн жапа чеккени көрүнүшүн берүүдөн баш тарткан жок.
  • ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин 17-25-декабрдагы жана чечим табуу процесси туурасында да окшош жалгандарды айткан, акыркы маек берүүлөрү менен дагы да такталды. Мындан мурда 17-25-декабрь процессинин алкагында уюмдун усулсуз тыңшоолор менен тиешеси жок экенин белгилеген Гүлен, 2016-жылдын 17-июлунда Wall Street Journal жана Vesti TVге берген маегинде болсо жакынкы убакка дейре президент Р.Т.Эрдогандын жакын чөйрөсүнөн маалымат ала алганын «Президенттин жакынында жүргөндөрдүн өткөргөн маалыматтарына караганда» деген сөздөрү менен ачык айтты жана өзүн жалганчы кылды. Ошол эле маектешүүдө ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен, 17-25-декабрдын өзү жашап жаткан АКШ менен Германиянын чалгындоо кызматтары жасаган болушу мүмкүн деген сөздү айтып өзүн актоого аракет кылды.

15-Июль төңкөрүш аракетинен бери ар бир мүмкүнчүлүктө   Пенсилваниядагы кан сарайынын каалгаларын эл аралык басма сөзгө ачкан ФЕТӨнүн корбашчысы, 2016-жылдын 17-18-июлунда CNN жана Wall Street Journalга берген маегинде чечүүчү жол процессине байланыштуу «чыккынчылык процесси» болгону ачыктоосун жасады. Ал эми Гүлен андан мурда 2014-жылдын 27-январында  ВВСге берген маегинде болсо Чечүүчү жол процессинин алкагында жасалган сүйлөшүүлөргө каршы болбогонун жана колдоорун билдирген. Ошондой эле түрдө Иракта берүүсү болгон NRT каналына 2016-жылдын 4-августанда берген маегинде болсо ФЕТӨнүн корбашчысы, мындан мурда Чечүүчү жол процессине окшош түрдө он беренлик сунушту өкмөткө сунуштаганын бирок четке кагылганын айтып, NRT каналынын көрүүчү массасынын көпчүлүгүн түзгөн күрттөргө карай чагымчыл сөздөрдү айтуудан тартынган жок.

  • ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен көңүл буруучу түрдө мындан мурдагы диний үгүттөөлөрүндөгү динчил көрүнүшүнөн да чыгып кеткен. Дээрлик бардык диний үгүттөөлөрүндө чапан жана такке кийген Гүлен, эл аралык медиа мекемелерине маек бергенде кастюм шым кийүүнү тандаган жана ичинде жашаган кан сарайынын эң жөнөкөй бөлмөсүндө видео тартылышына уруксат берип, өзүнүн жана ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине байланышы жоктой жупуну жана карапайым жашоосу бар экенинин көрүнүшүн берүүгө аракет кылды.

 

Жалгандар менен курулган бир өмүр

 

ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен, канчалык эл аралык басма сөзгө берген маектеринде төңкөрүш жабырлануучусу, тынчтыкчыл, диалогчул, карапайым динчил сыяктанып көрүнсө да, ушул убакка дейре айткан жалгандарын жаап жашыра албады.

Түркиянын акыркы жылдарда тажрыйба алган орчундуу процесстерге кошулуудан тартынбаган ФЕТӨ, ушул убакка дейре 28-февралда Постмодерн төңкөрүшү, Эргенекон, Балйоз, Тахшие сыяктуу саясий жана укуктук процесстерде мамлекеттик мекемелерге кирип кеткен мүчөлөрүнүн колу менен миңдеген кишинин абакка түшүп калышына себепчи болгон. 15-июлда Төңкөрүш аракети болсо уюмдун кирдүү жана кандуу жүзүн бүткүл дүйнөгө көрсөткөн эң белгилүү процесс катары келип чыкты.

 

Гүлендин дал келбеген ачыктоолору

 

1)    2016-жылдын 16-июлу «Төңкөрүш аракетинин мага тиешеси жок, төңкөрүштөргө каршымын» Guardian,Financial Times, New York Times

2016-жылдын 17-июлунда «Төңкөрүш айтымдары сценраий. Аскерликти тазалоо үчүн өздөрү ойлоп чыгарып кыймылга өткөн болушу мүмкүн» Wall Street Journal, Vesti TV

2016-жылдын 18-июлу «Оппозициядагы партиянын жактоочулары болушу мүмкүн. Улутташтыктар, улутчулдар болушу мүмкүн» BBC World, Spiegel Online

2016-жылдын 18-июлу «Бизге жакын, улуттук сезимдери болгон таза адамдар бул киришүүгө алданган болушу мүмкүн» BBC World, Spiegel Online

 

2) 2016-жылдын 16-июль «Төңкөрүштөргө каршымын.    Демократияга, шайлоого ишенемин» Guardian,Financial Times, New York Times

1980-жылдын 30-сентябры «Үмүтүбүз үзүлгөн жерде, Кызыр сыяктуу тез жардамга келген мехметчикке «түрк аскери) дагы бир жолу салам айтабыз» «Сызынты» журналы

2005-жылдын 31-январы «12-сентябрь төңкөрүшүн кылган Кенан Эврен бейишке чыгышы мүмкүн» «Миллийет»

1997-жылдын 16-апрелинде «28-февраль төңкөрүшүн кылган аскерлер дагы демократ. Рефах Йол өкмөтү аткара алган жоксуңар, таштагыла» Kanal D

      

3) 2016-жылдын 16-июлунда «АКШ бул интригага алданбайт, заманбап укуктун талабын аткарат»

2016-жылы 18-июлда «Өлкөдөн чыгып калуудан коркпоймун, АКШ ушундай чечим чыгарса ошондой болот. Эл аралык бир комиссия курулсун жана изилденсин» Spiegel Online

 

4) 2014-жылы 27-январда «Чечүүчү жол процесси сүйлөшүүлөрүнө каршы эмесмин» ВВС

2016-жылы 17-18-июлда «Чечүүчү жол процесси чыккынчылык, уюм 2-3 жыл шаарларда курал жыйды. Булар көз жуумп коюшту. Эми болсо Чыгышты кыйратышты... Түркияны бөлүп таштоону пландашты» The Wall Street Journal, CNN

2016-жылдын 4-августунда «Күрт масеелсине байланыштуу колубузда дагы эле жазуу түрүндөтурган он беренлик рецептти Президентке сунуштадык бирок четке кагылды. Чыгышта кан көлдөдү» NRT

  5) 2013-жылдын 17-25-декабрында «Усулсуз тыңшоолордун бизге тиешеси жок»

2016-жылдын 17-июлунда «Президенттин жакынында орун алгандар өткөргөн маалыматтарга жетилгеникөрүнүүдө» Wall Street Journal

2016-жылдын 17-июлда «17-25-декабрь процессинен немис жана АКШнын чалгындоо кызматтары жооптуу болушу мүмкүн» Wall Street Journal



Тектеш кабарлар