Түрк куралдуу күчтөрү Сирия тараптагы террористтерди пушкалар менен атууда

Түркия Сирияда уя салып алган террористтердин ар түрдүүсү менен күрөшүүдө.

557119
Түрк куралдуу күчтөрү Сирия тараптагы террористтерди пушкалар менен атууда

Түрк куралдуу күчтөрү мыкаачы террористтерди аткылап жатат.

Жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын Халеб шаарына караштуу Менбич аймагынын түндүгүндө орун алган буталарына замбиректин огу жаадырылды.

Менбич Сириянын болгонундай эле аймактын да стратегиялуу райондорунан бири болуп эсептелет.

Эвфрат дарыясынын батышында орун алган Менбич, өткөн аптада ПЙДлык террористтердин көзөмөлүнө өткөн.

Андан башка канкор уюм ДЕАШтын ошондой эле Халебге караштуу Жераблустагы буталары да «Фыртына» пушкалары менен атылууда.

Газиантептин Каркамыш районунун маңдайында орун алган Жераблустан Түркия тарабына атылган октор жан жоготуу жана жараланууларга алып келди.



Тектеш кабарлар